Тадиниз
тадиниз.jpg

Мен марш тууралуу радиодон угуп алып дароо келейин деп чечтим. Аялдар укугун алгандан бери канча жыл өтсө да, Кыргызстанда катуу өзгөрүү деле болгон жок. Ала качуу дагы деле болуп жатат, кыздарыбыз жаман колдорго туш болууда. Ушундай көрүнүштөр мени эне катары тынчсыздандырып, көңүлүмдү оорутат.

Өзүмдүн жашым 70-те. Бишкек шаарында турам. Тарбия жана адеп ахлак тууралуу жазам, сүйлөйм. Жаштар проблемасын дайыма көтөрүп келем. Азыркы учурда ажырашуу жана зордук-зомбулук жаштар арасында көп учурайт.

Бүгүнкү марш абдан жакшы уюштурулуптур. Мени, жаштарды шыктандырып, таасирлентти. Ушундай иш-чаралар көбүрөөк өтүп турса. Аялдар биригип, өз укугун коргошсо дейм.

Турдубаева Тадиниз

Адинай

Адинай

Цвет пурпурный

Цвет пурпурный