Соцтармакта элдешүүнү кимден үйрөнсө болот?

Соцтармакта элдешүүнү кимден үйрөнсө болот?

Интернетти үзбөй текшерген замандын адамдары күнүгө улуттар, мамлекеттер жана диндер арасында согуш жана кагылышуу жөнүндө окуйбуз. Адамдар бири-бирине болгон жек көрүүсү интернет аркылуу эселеп көбөйүп, ылдамдык менен арабызда тарагансыйт. Бирок мындай башаламандын арасында элдешүүгө чакырып, тынчтыкка жол салгандар да бар. Биздин замандын бул адамарын соцтармактарда ээрчип, булардын жазуусунан элдешүүнүн жолдорун үйрөнүүнү сунуштамакмын. 

Онник Крикорян – армян тектүү Британиялык медиа консультант жана фотожурналист. Крикоряндын иштери Кавказ аймагындагы тынчтык жана Карабах маселесине багытталган. Армян-азербайжандар ынтымакта жашаган Тблиси жана Тсопи айылынын мисалында эки элдин ынтымагы мүмкүн экендигин көрсөткөн. Эң кызыктуу иштеринин бири түштүк Кавказ аймагындагы ар түрдүү этностун жана диндин өкүлдөрүн бириктирген илгерки музыкалык салтты улаган ырчы жана аткаруучулар жөнүндөгү “Саят Нова” долбоору. Крикоряндын Кавказ аймагындагы этник жана диний азчылыктар, көчөнүн балдарынын жашоосун чагылдырган фотобаяндары да абдан маанилүү. Медиа адис катары конференция жана форумдардан эле жазбастан, кээде Крикорян азери музыкант Азиза Мустафа Задэден алган авторгафы менен мактанып же анын ырларын #nowplaying деген хэштгэг менен сунуштап турат. Кыскасы, Крикорян сүрөттөрү жана макалалары аркылуу армян жана азербайжандардын ортосунда айырмачылыктарына караганда окшоштуктары көп экендигин баса белгийлейт.

Америкалык таалимчи Ли Вайсмандын твиттердеги аты @jihadijew. Атына заты жараша, Вайсман, Иудаизмдин илими жана салты менен тааныштыруу менен бирге Ислам менен Иудаизмдин окшоштуктары жөнүндө жазат. Өзүнүн блогунда жана твиттеринде Иудаизм жана Исламдын ыйык китептеринин үзүндүлөрү жана илимпоздордун жазгандарын талкуулоо менен керексиз жек көрүүдөн баш тартууга чакырат. Баарынан да мага жакканы Ли агай ар жума сайын мусулман ага-инилери эже-карындаштарына "Жума күнүңөр кут болсун!" деп салам айтып,  ошол күнү кечинде жөөт туугандарына  "Шаббатыңар тынч өтсүн" деп каалап турган салты кандай укмуш. Албетте, Вайсманга ачууланып, жек көрүү менен жооп жазгандар да аз эмес. Бирок агай буларга капа болбостон "Жихадчы жөөттүн күндүн мыкты жек көрүүчүсү наамына ээ болдуңуз!” деп жооп берет. 

Эки укмуштуу кара-тору кыз Амина жана Ситал - Two-brown Girls аттуу блогдун авторлору. Экөө тең Түштүк Азиялык айдентити, искусство, поэзия, саякат, тарыхка болгон кызыгуусу жана ойлору менен блогунда бөлүшүп турат. Амина Индо-Пакистан тектүү мусулман кыз, өзгөчө урду тилиндеги поэзия жана Могол династиясына таандык айымдардын жазууларына кызыгат. Ал эми Ситал Панжабилик сикх үй-бүлөсүнөн, университетте санскрит тилин окуп, ошондой эле катак ("kathak") бийи менен алектенет. Индиядагы мусулман-сикхтердин кандуу тарыхына карабастан, Амина жана Ситал экөөн - рухий байлык жана өз динине болгон терең ишеними бириктирип турат.  

Ал эми мен сүйгөн музыкант Идан Райхел, өзүнүн The Idan Raichel Project проектинде 80ден ашык ар түрдүү жанрдагы музыканттар менен биргеликте музыканы жараткан. Проекттин чыгармалары иврит, араб, фарси, тигринья, жана башка тилдеринде жана Батыш Азия жана Африканын аспаптары менен коштолгон. Ал эми Израилдик  Идандын акыркы эки альбому Малилик гитарист Вьо Фарка Туре менен бирге жазылган. "Toure-Raichel" альбому сонинке жана иврит тилдериндеги ырланынан топтолуп жана укмуштуу гитара жана пианино коштоосунда аткарылган. Баарына маанилүүсү бул экөө диний тирешүү эмес музыка аркылуу кооздукту жаратуунун каалаганын интервьюларында айтып кетет. 

Жогоруда айтылгандан айырмачылык - бул жек көрүүнүн булагы эмес, тескерисинче бизди өнүктүргөн жана кооздогон нерсе экенин эске салат. 

Автор: Жаз Сманова

Сүрөттөр: Онник Крикорянды твиттери, Two-brown Girls блогу жана The Toure-Raichel Collective сайты

Как найти интересное и вкусное вдали от дома

Как найти интересное и вкусное вдали от дома

Путешествия вдвоем

Путешествия вдвоем