Сеулда бир күн

Сеулда бир күн

SHEISNOMADдын суроосу менен чет элде жашаган кыргызстандык кыздар жашаган шаарындагы бир күн жөнүндө айтып берет.

IMG_0222.jpeg

Сеулдун түндүк тарабынынын жакшы жагы тарых сакталган көчөлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Кёңбоккуң, Чаңдоккуң хан сарайларлардн тышкары Дехакно аймагы дем алыш күнү жайбаракат сейилдегенге абдан сонун келген. “Университет жолу” деп которулган Дехакно, аты айтып тургандай 70 жылдарга чейин жогорку окуу жайлар жайгашкан аймак болгон. 

Дехакнонун студенттери күнүгө диктаторлук режимге каршы уюшуп, демонстрацияга чыга берип, акыры бийлик Сеул Улуттук Университет менен катар башка окуу жайларды ар тарапка көчтүрүп жиберген. 

Азыр болсо Дэхакно көптөгөн кичи театрлардын, түнкү жашоонун, жана жаштар сейилдеген аймак. Жакында пайда болгон тренд - Корей мектеп униформасынын музейинен 40-жж, 50-жж тиешелүү униформаларды алып кийип, Дэхакнону аралап  сүрөткө түшүү экен. Ал эми жолду бойлой тизилген чатырларда көчөнүн дамагы даярдалып, сейилдеп келген кардарларды күтүп аткан мезгили. 

Түштөн кийин кичи театрлар бири-бирине жарышып жарнама кагаздарын элге таратып, кечки көрсөтүүгө көрүүчүлөрдү тартып баштайт. Эркин чыгармачылыктын борбору болгон Дэхакнонун бош дубалдын баарында түрлөгөн театр көрсөтмөлөрдүн жарнамалары ээлейт.

Илгери жаштыктын, эркиндиктин, чыгармачыл туруштуктун уясы болгон Дэхакно эми Старбакс, Сабвей сыяктуу гиганттар ээлеп алганы өкүнүчтүү. Ал эми чоң жолдон чыгып, арканкы көчөдөн ыржайган Monsieur Chat франсуз сары мышыкты тапсаңар, кызыктын баары ушул жерден башталат. 

Жогору көтөрүлүп бассаң, эски Сеулдун дубалын бойлой созулган Наксан паркты аралап, дөңгө чыксаң, шаардын панорама көрүнүшү ачылат. Бирок тилекке каршы бүгүн абанын өтө булганганынан шаарды туман басып жакшы көрүнбөдү. 

Парктан ылдый, үймөлөктөп курулган эски үйлөрдү араласаң, мен жакшы көргөн Ихуа айылы чыгат.  Кууш көчөлөлөр кичинекей кафелер, дүкөндөр жана сүрөттөр менен боелгон дубалдарды кантип жакшы көрбөйсүң! 

Дубалдарды сүрөттөрдө сүйкүмдүү мышыктар басымдуулук кылат. Ютубду ээлеген сүйкүмдүү мышыктар Дэхакнонун Ихуа айылында да бийлейт экен!

Андан ары эски дубалды бойлой баса бергенде атактуу Доңдэмунга жетесиң. Кечинде атактуу архитектор Заха Хадиддин Dongdaemun Desigh Plazаны жаркыраганын өзүнчө керемет. Ал эми базарлык кылганды жакшы көргөндөр үчүн бул жердеги түрдүү соода борборлор, дизайнердик дүкөндөр, ийне-жип базары жана башка кызыктарга бар. 

Кореяга дүйнөнүн ар тарабынан келген чет элдиктер агымы менен бирге Сеулда ар улуттун маданияны жана тамак ашына болгон кызыгуу жогорулай баштаганын байкаса болот. Нечен жылдар бою ар улутун маданияты уюган жер бир гана Итэвондо болуп эсептелип келсе, азыр diversity башка аймактарган да тараган. Мисалы, Филиппиндердин католик чиркөөсү да Дехакнодо жайгашкан жана ар жекшемби күнү бул жерде Филиппин базары ачылат. Лечон соусундагы тооктун этин менен Сан Мигель сырасын сагынгандар келе турган жер. Ал эми эң жакшы Борбордук Азия жана орус ашканалар Доңдэмунда жайгашкан. Дандырдын самсасын же кой этинен шиш-кебекти сагынган мекендештерди ушул жерден тапса болот.

Сеулда эски менен жаңынын, чыгармачылыктын ар түрдүү формасынын гармониясын көрөм дегендерге бир күнүн Дэхакнодон Доңдэмунду карай сейилдөөсүн сунуштаймын. Бүгүн узак саатка жөө сейилдеп, Сеулдагы бүгүнкү күндү аяктадым. 


Текст жана сүрөттөр: Жазгүл Сманова

Девушка, которая рисует

Девушка, которая рисует

Альтернативные способы узнать чужой город

Альтернативные способы узнать чужой город