Ладакка баруучуларга 10 кеңеш

Ладакка баруучуларга 10 кеңеш

 Нубра өрөөнү, Ладак. 

Нубра өрөөнү, Ладак. 

Индиянын Гималай тоолоруна бараардын алдында көптөгөн булактар менен таанышып чыккан элем. Окуган маалыматтын ичинде эске алган да,  албаган да,  өкүнгөн да нерселер да болду.  Кыялында гана болсо дагы Ладакка саякаттагысы келгендерге он кеңеш.  

1. Жок дегенде үч жума керек. Картада көрүнгөндөй Ладак эбегейсиз кең аймак, борбору Ле шаарынан алыста жайгашкан айылдар, буркан курулдар, көрө турган, сезе турган нерселер көп. Төөлөр аралаган Нубра өрөөнү, Пакистан менен чектешкен Туртук айылы, Пангоң Тсо жана Тсо Морири көлү, Буркан гомпалар, треккиң жолдор, чексиз тоолор жана тоолор...  Ладакта кыдырганга бир жума, жада калса, эки жума да аздык кылат. Гималайдын бийиктигине көнүү үчүн, кооздугуна тоюуу үчүн жок дегенде үч жума керек. 

2. Баратканда машине менен барып, кайтканда учуп келүү. Бул жөнөкөй эрежени сактоо менен түтөктүн айынан кыйналбай эс алууга болот. Химачал Прадеш аркылуу тоону аралап көтөрүлгөн жол коркунучтуу болгонуна карабастан, Ладакка баруучу көпчүлүк туристтер ушул жолду тандашат. Машине жолдо шашпай көтөрүлгөнчө организм 3000 метр бийиктикке бара-бара көнө алат. Ал эми учуп барып конкондон кийин, шайың куруп, бир жума ныксырап, көңүлүң келбей, убакыт текке кетет. 

 Тиксе Гомпа, Ладак 

Тиксе Гомпа, Ладак 

3. Ладакка Кашмир аркылуу барууну пландаштырганда сөзсүз эске ала турган эки нерсе: көчкү жана демонстрация. Жолго чыгаарда жаңылыктарды текшерип, жергиликтүүлөрдөн маалымат алып туруу зарыл. Тоолуу Гималайда климаттын каардуулугуна байланыштуу саякат сезону май айынан сентябрга чейин чектелген. Ошондо да күнүмдүк аба-ырайыны эске алып, сак болуу зарыл. Ладактан Кашмирге Зожила ашуусу аркылуу баратканда көчкү түшүп, жол тосулуп, чоочуп, араң келгеним эсимде. Ал эми Сринагар жана Жамму шаарларында жыл сайын индуисттер менен мусулмандардын ортосундагы кагылыш, же эл өкмөткө каршы демонстрацияларга чыгып, жолдор жабылып же өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп. 

4. Пангоң көлүнө бара турган болсоңуз... Жок, Пангоң көлүнө сөзсүз барыңыз. Бир башы Индия,  аркы башы Кытайдын Тибетинде жаткан бул көл турган турушу менен сыйкырдуу. Пангоң Тсонун жээгинде түнөө Соң-Көлдүн жээгинде түнөгөндөй сонун, бирок жылдыздар дагы 1000 метрге жакыныраак деп элестете бериңиз. 

5. Фестивалдар, оюн-зооктор, маарекелер. Сентябрь айында Ладак түшүм фестивалы, Июнь айында Индус өрөөнүндөгү Синдху Даршан фестивалы, Ламаюрудагы фестиваль, кыскасы туризм сезонунда Ладак келгиндерге көптөгөн көңүл ачууну сунуштай алат. Кээде коңшу Дарамсаладан Далай Лама келип, коомчулук менен жолугушууларга катышып калат. Ладакка жөнөп калсаңыз, Далай Ламанын иш тартибин текшерип көрүңүз. Мүмкүн жолуңар кесилишип калар.  

6. Ладактан белек сатып алып, жергиликтүү кол өнөрчүлөргө жардам көрсөтүңүз. Тоолуу аймактын тургундарынын жашоо шарты жана экономикасы жалпысынан туризмге көз каранды. Коомчулуктун туруктуу өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүү жакшы саяктчынын сапаты. Ал эми ладактыктар, чындыгында, жакшы саякатчыга татыктуу экенин барганда өзүңүз сезеттирсиз. 

 Ле шаарынын көчөлөрү, Ладак. 

Ле шаарынын көчөлөрү, Ладак. 

7. Саякат учурунда башка өлкөлүк туристтер менен баарлашууунун ордуна, ладакча, хиндиче жана англисче кенен сүйлөгөн таланттуу ладактыктар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн кетирбеңиз. Индиянын башка аймактарынан айырмаланып, ладактыктар абдан ачык мүнөз жана меймандос келишет, жана туристтерди алдап, пайда көргөндөрдөн эмес. Кайда барба "Жулэ!" деп, жылмайып учурашкан ладактыктар мен үчүн өзгөчө жылуу элес калтырышкан. 

8. Ладакка сапар - экосезимди ойготуу сапары. Ладакта туризмдин өнүгүсүүнө жараша элдин жашоо шарты жакшырып, аны менен бирге Гималай тоолорунун табигатына зор зыян келтиргени өтө өкүнүчтүү. Пластик бөтөлкөлөп суу албастан, Ле шаарында Дзомса дүкөнүндө таза суу куйдуруп алып туруңуз. Ладактан эмоция эле эмес, таштандыңызды дагы ала кетиңиз.  

9. Эгер дени сак, күч-кубаттуу болсоңуз сөзсүз жөө треккиңге барыңыз. Ладакта ар түрдүү даражадагы оордуктагы жолдор абдан көп. Даярдыгыңызга ылайык жолду тандап, ал эми тажрыйбасыздар болсо Дискиттин же Ламаюрунун треккиң жолун басса болот. Гималайга бир келгенге жараша, асман тиреген тоолорду багындырууга эмне жетсин. 

10. Ах, Ламаюру! Биринчи Влад Караваевдин Ламаюру жөнүндө жазганын бир окуп көрүңүз. Убакыттын аздыгына байланыштуу мен Ламаюруну жолдо баратып гана, караңгыда элес-булас көрүп калдым. Менин өкүнүчүмдү кайталабаңыз, саякатыңызга Ламаюру деген жомокту кошуңуз.

Автор: Жаз Сманова 

Сүрөттөр: Жаз Сманова 

Колесо жизненного баланса

Колесо жизненного баланса

Как найти интересное и вкусное вдали от дома

Как найти интересное и вкусное вдали от дома