Гульжан Ормонбекова

Гульжан Ормонбекова

photo5305499141868202286.jpg

“Төшөгүңө жараша бутуңду сун”, - деген сөз бар. Албетте, кыялдануу, максат коюп, ага жетишүү абдан маанилүү. Бирок реалист болуу, каражатка жараша жашаган зарыл. Акыбалың начар болсо, аны танбастан кабыл алып, анын ордуна финансыны жана убакытты пландаштырып, карызга батпай, бир күн бай, бир күн байкуш болуп жүргөн туура эмес. Ошондуктан, мен заводдо жакшы позицияда эмгектенгенде да, базарда соода кылганда да  мынча бутту сунсам болот, а бул жерде кичине тартып отурушту билчүмүн.

Атам дагы, апам дагы абдан баласаак болчу. Алар уруп же урушмак турсун, иш-кыл деп эч кыстачу эмес. Эсимде бар мектептеги эжекемдин таң калганы: “ата-энен сага тендештей мамиле кылат экен” дегени.

8-класста бир бала киного чакырса, ата-энем “ал кимдин баласы экен” деп сурап эле, жиберишти. Кийин деле сураганы ошол эле суроо болчу. Ата-эне кандай болсо, балдарына ошого жараша тарбия беришет деп ишенишчү. Мен ага күлүп койчумун, эмнеге ата-энеге карап сындашат деп. Жаш өткөн сайын, өзүмдө ата-энемди таанып атамын, ал эми балдарымды карап, өзүмдү жана жубайымды таанып атамын. Танасыңбы, танбайсыңбы баары бир кээ бир учуруда, айрыкча стресс астында биз ата-энебиздей алып жүрөбүз.

Балалык жана ата-эне биздин жашоого абдан чоң таасирин тийгизет. Же алардын жолу менен басып, же аларга каршы чыгып, жаңы жашоо баштайсың. Менин ата-энемдин жумшактыгы кээ-бирибизге пайдасыз болду, катуурак кармаса болмок деп ойлочумун. Өзүм балалуу болгондо абдан катуу апа болдум. Эми-эми жумшагыраак болуп калдым. Бирок жолдошум ортодо тең салмакта кармап турчу, айланайын балдарым деп, менин ата-энемдей баласаак адам болгон.

Жолдошум – идеалдуу үй-бүлөнүн адамы болгон. Идеалдуу ата, идеалдуу күйөө. Отуз жыл бир болгонубузда бир да жолу мага “эй катын” деп орой сүйлөгөн эмес. Эң эле катуу сөзү: “Эй кыз, жаман жинге тийдиң да” дечү. Кырк алтыда деле мени “эй кыз” деп жүрчү.

Адам сени кордоп, артка тартып, ортодо же сүйүү, же күлкү болбосо, ал ойлоп жашаганды түшүнбөймүн.

“Мен өз алдыча боло аламын, өзүмдү бага аламын, бирок мен бул адам менен турмуш кургум келет, мен аны сүйөмүн, урматтаймын» деген ишеним менде да, менин жолдошум да бар эле. Жалгыздан деле жаман эмес, бирок экөөбүз бирге болгондо андан да жакшы экенин биздин мамилебиздин өзөгү эле. Чынында эле, биз бирге көп нерсе колубузда келмек, ал мага ишенчү, мен аны колдочумун, бирге саякаттачубуз, балдар үчүн бир нерселерди пландаштырып, экөөбүз мыкты тайпа элек.

Жашоомдо ар түрдүү адамдарга жолуктум, ар түрдүү жашоону башымдан өткөрдүм. Албетте, мени кемсинтип же «ордуна отургузуп», аялдар үчүн атайын ойлоп тапкан бир орун болгонсуп, мен адашып, жолду таппай, жардам сурап аткансып. “Ай аял оюңа келгенди кыла бересиңби?”, - деп укчумун. Бирок мен дароо эле чечип, суроо берип, бетке айтчумун. Мени менен антпеш керек экенин көрсөтчүмүн :).

Финасылык сабаттуулук аябай маанилүү. Аялдар өзүнчө акчасы, өзүн багууга каражаты, билими болсо, өзүн өзү коргоосу оңоюраак болмок. Кемсинтүү жана кордоону көрүп жашаган аялдары өздөрүнүн акыбалын билбейт дейсиңерби? Көбүнчө бул дүйнөдө жалгыз болуудан корккону экономикалык жана социалдык теңсиздиктин айынан – жалгыз кантип жашаймын, балдарымды кантип багамын, кетип калсам эле эмне дейт, досторум мени менен мамилесин үзөбү?

Девушка, которая работает с детьми беженцев и мигрантов

Девушка, которая работает с детьми беженцев и мигрантов

Почему вы пришли на митинг?

Почему вы пришли на митинг?