Эрика Мараттын Бурулайдын трагедиясы туралуу пикири: кыргызча/ўзбекча

Эрика Мараттын Бурулайдын трагедиясы туралуу пикири: кыргызча/ўзбекча

Эрика  Марат, Улуттук коопсуздук университетинин политология илиминин  профессору. 

Бурулай милициянын участкасында зордукчунун колунан өлдү, бирок эч нерсе өзгөрбөдү. Шаардык коомчулук кичине кыжырланды, анча-мынча протестке чыгымыш болду, "Ала-качуу" фильмине суктанып кала беришти. 

Киноматография бул сонун. Сулуу жана таланттуу актерлор  жана тааныш ландшафттар. Бирок бул фильмдин чыгышы коомчулукка эң оңтойсуз учурга туура келди. Бурулайдын жаркын элесине арналганы менен бул фильм анын трагедиясы жөнүндө эмес.  Жаш кыздарды алып качуу маселеси жөнүндө да эмес, тагыраак бул - назик жаш кызды каракчыдан сактап калуу жөнүндөгү эркектин фаниазиясынын архетиби. Аягы жаш кыз назик үнү менен обон салып, акырын ыйлайт. 

Фильм, чындыктагы аял жана эркек аткарганга милдеттүү деп кабыл алган коомдун түшүнүгүн чагылдырат. Дээрлик бардык оң каарман (зордукчу жана милиционерден башкасы) - эркектер. Бардык аялдар - же жол тоскон "кемпирлер""жана эпсиз энелер. 

Бурулайдын өлүмүнөн кийин коомдук дискуссияны жалаң гана эркектин зордуктоого, шордуу аялды куткарууга же жардам берүүгө муктаждыгы жөнүндөгү көз карашка толду. 

Бурулайдын трагедиясы коомдук дискуссияны эмансипацияга жана пикирлештикке алып келип, алдыга сүрбөдү. Тескерисинче, эркектин (милиционер жана  зордукчунун) привилегиясын ырбатып, аялдын алсыздыгын күчөтүп, патриархалдык инстинкттерге жол берди. 

Дал ушундай контекстте Масалиев жана Бакир уулу сыяктуулар кенен сүйлөп чыгып атышат. Аял ишкерлерди шылдыңдап жазуу. Парламентте аялдарга ишенбестик. Аялдарга өздөрүн шыктануусунун объекти катары карашат.

Эң орчун маселелер көтөрүлбөй калып кетти. 

  • Аялдардын өлүмү гана эмес жалпы үй-бүлөлүк зомбулук маданиятын алдын алуу үчүн кандай институтциялык чечимдерди чыгарыш керек? 
  • ИИМдин зомбулуктан  жакшыраак коргоосу, уул-кыздарды тарбиялоону кайра караштыруу, мамлекеттин жоопкерчилиги жана кыздарды зордоп ала-качуу культ коомдук көз карашты өзгөртүүгө дээрлик эч ким чакырбады. 
  •  Эмнеге жаш жигиттер зордук менен күчкө салып, мажбурлоо аркылуу үй-бүлө баштоого ниеттенип чоңоет деген теманы эч ким көтөргөн жок? 
  •  Кайсыл жерде мамлекет жана коом жаштарга зордук-зомбулуксуз маданиятын адат алдыра алат? 
  •  Балдарга жана кыздарга жакшы көргөн иши менен өз ийгилигин табуу, бири-бирине мамиле жана махабат  курууда жардам бериш үчүн кантип билим берүү системасын өзгөртүү керек? 
  •  Үй-бүлөдө зордук көргөн жана кайра балдарына зомбулукту өткөргөн аялдарга кантип колдоо керек? 
  •  Үй-бүлөдө эркек арасында зомбулугк кантип алдын алуу керек?
  • Ар качан жазалоо жана тыюуу салуу ээлигүүнүн ордуна кантип мамлекет калкты колдоо маселелерди кантип приоритеттештерүү керек? 

Ушул сыяктуу тереңирээк деңгээлдеги коомдук талкуулосуз, зомбулуктун кезектеги курманы өлтүрүлсө же өз жанын кыйса, биз дагы деле эски түшүнүктөргө таянууну уланта беребиз. Ошентип дагы эч нерсе өзгөрбөйт. 

Көпчүлүк эрдик кылгансып, жол тоскон "кемпирлерди" кылмышкерлерге шерик деп асыла  түшүштү. Аларды өз убагында  зордоп күйөөгө берип, репродуктивдик контролун тартып алгандыгы толук ыктымал. Алар өмүр бою кызмат кылып, эми алар жаңы үй жумушчуга муктаж. 

Кемпирлерди шерик деп кароого чакыргандар да болду. А ошол эле мезгилде көпчүлүк учурда өз үй-бүлөсү үйүнө кайтып келген кызды уят деп же корккондо кабыл албай, диний лидерлер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы дээрлик каршы айтып чыгышапай, ошондой эле мамлекет зомбулукка кабылган аялдар жана жаш балдар колдоо үчүн эч кандай даректуу саясат жүргүзбөй жатат. 

Дагы бир көңүл буруучу көрүнүш, орус тилдүү коомчулукта көп колдонулган "бабка", же жол тоскон кемпирдин жыйнама түшүнүктүн кыргызча которулушу жок. Демек, кыргыз тилдүү калктын арасында  кыздарды ала-качуу жөнүндөгү дискуссия орус тилдүү шаардыктардын көрүнүшү болуп калды. Орус тилдүү шаардыктар учурдагы саясатка таасирин тийгизүү күчү жетет, бирок эски советтик түшүнүктөргө таянууну токтотууга жана үй-бүлөлүк мамиле саясаты жөнүндө талкуулого жаңы тилди табууга жөндөмсүз. 

Бурулайдын өлүмүнөн кийинки дискуссиянын багыты силерге да жагымсыз болсо,  феминист активисттерди угуп көргүлө. Аялдар жазган макалаларды окуп көргүлө. Өзүңөр үчүн жаңы идеяларды жана чөйрөгө болгон талдоолорду (интерпретацияларды) ачкыла. Силердин Үй-бүлөдө жана айлана чөйрөңөрдөгү зомбулуктун булагы эмне экенин анализдеп көргүлө. 

Зордук режимине каршы коомдун олуттуу мобилизация убакытты да аракетти да талап кылат. Бурулайдын трагедиясы коомчулукта ырааттуу талкуулоонун башаты болуп, ар түрдүү группалардын - шаардык жана элеттик, аялдар жана эркектер, жарандык коом жана мамлекеттик кызматкерлердин кабардардыгын жогорулатат деп үмүт этемин. 

Системалык зомбулук жөнүндөгү баамдоо бардык жерде таркаганда гана, ага каршы туруу аракети да кошо күчөйт. Ал эми азырынча: 

Аялдарга каршы силер кылган зомбулуктун күнөөсү аялдардын өзүндө деп эсептеген эркектерге: силердин пикириңер коомго  коркунучтуу. Силер зомбулуктун жана азаптан себебисиңер. Жана бул силерге ыңгайлуу. 

Зомбулукка каршы болгон эркектерге: өзүңөрдүн үзөңгүлөштөрүңдү коомдо жага үй-бүлөдө зомбулукка каршы үндөгүлө, алар жооп катары силерди шылдыңдаганына карабагыла. Ооба, бул жагымсыз, бирок ушинтип гана өзгөрүү болот. 

Бардык аялдарга, жаш кыз-балдарга: өзүңөрдүн психологиялык жана дениңердин саламаттыгын сактагыла. Коомдо же үй-бүлөдө зомбулуктан жапаа чексеңер, эч качан өзүңөрдү күнөөлөбөгүлө. Тайманбагыла.



Эрика Марат, Миллий хавфсизлик университетида сиёсатшунослик фанлари профессори 

Бурулай милиция бўлимида бир зўравон дастидан вафот этди, аммо ҳеч нарса ўзгаргани йўқ. Жамоатчилик озгина ғазабланган бўлди, озроқ норозилик билдирди ва “Ала-Қачуу” (“Қиз ўғирлаш”) фильмидан ҳайратга тушган бўлди.


Фильм гўзал эди. Чиройли ва иқтидорли актёрлар, қадрдон манзаралар. Аммо фильм жамият учун энг номақбул пайтда ўртага чиқди. Картина Бурулайга бағишланган бўлса-да, қизнинг фожиаси ҳақида эмас. У ҳатто қиз-жувонларнинг ўғирланиши муаммоси ҳақида ҳам эмас, балки буни кўпроқ мушфиқ қизни даҳшатли махлуқ қўлидан қутқариш бўйича эркак хаёлотининг архетипи дейиш мумкин. Эркак бошқа эркакларнинг адабини бериб, гўзал қизни қутқаради. Пировардида қиз ёқимли ва ҳазин овоз билан куйлаб, маюс-маюс йиғлайди.


Фильм аёл ва эркакларнинг реал ҳаётда қандай бўлиши кераклиги борасида жамият онгида шаклланган қаноатни ҳам акс эттирган. Ундаги ижобий қаҳрамонларнинг қарийб барчаси (зўравон ва милицияни истисно қилганда) – эркаклар. Аёлларнинг ҳаммаси ё нўноқ янгалар, ёки ношуд оналар. 
Бурулайнинг ўлимидан кейинги баҳс-мунозаралар моҳиятан эркакларнинг зўрлаш ёки халос қилиш эҳтиёжи ҳамда аёлларнинг ёрдамлашиш ёки сабр қилиш кўргилиги ҳақидаги қарашлар билан тўлиб-тошди.


Бурулай фожеаси жамият ўртасидаги баҳс-мунозарани эмансипация ва бирдамлик томон олға туртмади. Аксинча бу фожиа эркаклар (милиция ходимлари ва зўравонлар) имтиёзларини ва аёллар ҳимоясизлигини кучайтирди, шу тариқа патриархал сезгиларга эрк берди. 


Бакир Улуу, Масалиев ва бошқалар айнан шу контекстда дадил чиқишлар қилмоқда. Улар тадбиркор аёллар устидан кулмоқда, парламентдаги аёлларга ишончсизлик кўрсатмоқда, аёлларга ўз майлларининг ҳадафи сифатида қарамоқда.


Бу ерда муҳим масалалар кўтарилмай қолди

  • Аёллар ўлимигина эмас, балки оилалардаги зўравонликнинг олдини олиш учун қандай институционал қарорлар қабул қилиниши керак? 
  • Ички ишлар вазирлиги зўравонликдан яхшироқ ҳимоя қилиши зарурлиги, ўғил болалар ва қизлар тарбияси қайта кўриб чиқилиши лозимлиги, келин ўғирлаш одатига нисбатан ижтимоий қарашларни ислоҳ қилиш ва бу борада давлатнинг масъулиятини ошириш кераклиги ҳақида оз сонли одам гапираяпти.   
  • Нима учун йигитлар бунақа зўравонона истак билан ўсаётгани ва нега жисмоний босим орқали оила қуришга тайёрлиги, давлат ва жамият ёшларга нозўравонлик маданиятини қаерда эмлаши мумкинлиги ҳақидаги мавзуларни ҳеч ким кўтариб чиққани йўқ.  
  • Таълим тизимини қизлар ва ўғил болаларга севган касблари орқали, ўзаро муносабат қуриш ва бир-бирини севиш орқали шахсини намоён қилишга кўмаклашадиган тарзда қай тариқа ўзгартириш мумкин?   
  • Оилада зўравонликка дучор бўлаётган ва буни фарзандларига мерос қолдираётган аёлларга қандай ёрдам берилиши керак?
  • Эркаклар орасида оиладаги зўравонликнинг қандай олдини олиш лозим?
  • Давлат муттасил жазолаш ёки маън қилиш ўрнига аҳолини қўллаб-қувватлашни қай тариқа устивор масалага айлантириши зарур?

Шу каби ижтимоий баҳс-мунозараларсиз, яна бир зўравонлик қурбони нобуд бўлгунича ёки ўзини ўлдиргунича, биз эски тушунчаларни қўллашда давом этаверамиз. Бунақада ҳеч нарса ўзгармайди.

Кўпчилик важоҳат билан “янгалар”га жиноят шериги сифатида ташланди. Эҳтимол буларни ҳам ўз вақтида зўрлик билан эрга бергандирлар ва уларнинг қўлидан репродуктив саломатлик устидан назоратни тортиб олгандилар. Эҳтимол улар ҳам умр бўйи тинмай тер тўккандир ва уларга янги ишчи кучи керакдир.

Уларни зўравонона маросимлардаги жиноий шерик сифатида ҳибсга олиш чақириқлари янгради, ваҳоланки ўғирланган қизларни айнан ўз оилалари уят ва қўрқув туфайли уйларига қўймаяпти, дин пешволари оилавий зўравонликка қарийб қарши чиқмаяпти, давлат ҳам аёллар ва болаларни зўравонликдан ҳимоя қилиш мақсадига йўналтирилган сиёсатни олиб бормаяпти.

Агар сизга ҳам мен каби Бурулайнинг ўлимидан кейинги баҳс-мунозаралар қай ўзанга тушиб кетгани ёқмаётган бўлса, феминист фаолларга қулоқ тутишга уриниб кўринг. Аёллар томонидан ёзилган мақолаларни ўқишга ҳаракат қилинг. Атроф-муҳитдаги янги ғоя ва талқинларга қучоқ очинг. Оилангиз ва яқинларингиз орасида зўравонлик манбаи қаерда эканини таҳлил қилиб кўринг. 

Жамиятнинг зўравон режиларга қарши жиддий сафарбарлиги вақт ва жаҳд талаб қилади. Бурулайнинг ўлими жамоатчилик орасида изчил баҳс-мунозаралар дебочаси бўлди, бу мунозаралар турли гуруҳлар – шаҳар ва қишлоқ аҳолиси, аёллар ва эркаклар, фуқаровий жамият ва давлат амалдорлари орасида хабардорлик даражасини оширади, деб умид қиламан.

Тизимли зўравонлик муаммосини англаш ҳар ерга ёйилса, унга қарши курашиш уринишлари ҳам кучаяди. Ҳозирча эса:

“Аёлларга зўравонлик қилишимизда уларнинг ўзлари айбдор” деб ўйладиган эркакларга: Сизнинг фикрингиз жамият учун хавфли. Сиз зўравонлик ва уқубат манбаисиз. Сизга шуниси қулай.

Зўравонликка қарши бўлган эркакларга: сафдошларингизни оила ва жамиятда куч ишлатмасликка даъват қилинг, ҳатто бунга жавобан сизнинг эркаклигингиз устидан кулсалар ҳам. Сизга қулай бўлмайди, бироқ ўзгаришлар фақат шу тариқа юзага келади. 

Барча аёллар, қизлар ва ўғил болаларга: ўзингизнинг руҳий ва жисмоний саломатчилигингиз ҳақида қайғуринг, оила ва жамиятда зўравонлик қурбонига айланиб қолган бўлсангиз, дадил бўлинг ва ҳеч қачон айбни ўз бўйнингизга олманг.

Ва энг асосийси – агар кучингиз ва [моддий-маънавий] имконингиз бўлса, бир-бирингизни қўллаб-қувватланг.

Techwomen: Дина Руслан

Techwomen: Дина Руслан

Смотреть на выходных

Смотреть на выходных