Бушвикке саякат

Бушвикке саякат

Жакында компания жумушу боюнча Нью-Йоркко сапарга барып келдим. Колумбия университетинде өткөн конференцияга катышып, Манхэттендин ресторандарын кыдырып, аягында саякатымды шопинг менен кошумчаладым. Ал эми Бруклиндин Бушвик аймагына барып калганыбыз өзгөчө тажырыйба болду.

Бушвикте метродон чыгаар замат иштебеген фабрикалар, калээти үйлөр, эски жарнамалар ар жерде көрүнөт. Мурда индустриалдык район болуп турган Бушвик, азыр креативдүү адамдар топтолгон жаңы аймакка айланыптыр. Ар бурчта жаңы ресторандар, лофттор, бутиктер ачылып, Бушвиктин келбети өзгөрүп турган чагы. 

Ал эми биздин ал жерге барып калганыбыздын себеби керектөөчүлүк трэнддерин изилдөө болду. Трэнд бул бир жаңы көрүнүш, замандын, технологиянын өзгөрүүсүнө жараша жаңы түрдөгү товар жана тейлөөлөрдү талап кылуу. Азыркы учурдун эң башкы трэнди – бул керектөөчүнүн чексиз маалыматка жана бийликке ээ болуусу. Кардарлар интернет аркылуу товарларды таап, ким жана каерде чыгарганын, баасын жана сапатын салыштырып, чекесинен чертип чечим кабыл алышат. Товар жакпаса социалдык медиа аркылуу өз пикирин тез таратууга да мүмкүнчүлүгү бар. Мындай трендди "демократизация" деп атасак болот.

Технологиянын жана базардын өнүгүүсү менен кымбат товарлар жана тейлөөлөр өтө жеткиликтүү болуп калды. Мисалы, он долларгаNetflix миңдеген кинолорду көрсөтсө,  Spotify Каныкейдин ырларын укканга мүмкүнчүлүк берет. Саякаттаганда Airbnb деген сервис менен колдонсоң, мейманканада эмес жөнөкөй адамдардын үйүндө туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласың. Жергиликтүү тургундардын жашоосуу менен таанышып, каалаган баада жана убакытка турак-жай табуу - укмуш мүмкүнчүлүк.

А биз болсо,  Eatwith деген компания аркылуу Бушвиктин тургуну Эмилянын үйүндө тамактандык. Eatwithтин өзгөчүлүгү -  жергиликтүү тургундарга конокко барып, алардын тамагынан ооз тийип, ошол жердин турмушу жана салттары менен таанышса болот экен. Ресторанга баргандан көрө үйдө кеңири конок болуп, дос мамиледе тамактанган артык эмеспи. Нью-Йорктун менюсунан ооз тийип, Бушвиктеги жашоо жөнүндө сүйлөшүп кубанычта узадык. Бул да демократизациянын бир мисалы.

Андан кийин Бушвиктин белгилүү көчө искусствосу менен тааныштык. Граффитилер, сүрөттөр, плакаттар - түрлөгөн чыгармалар эски мекемелердин, гараждардын, үйлөрдүн дубалдарын кооздойт. Дүйнө жүзүндөгү белгилүү артисттер бул жерге келип чыгармаларын жаратышат экен. Акыркы эле жылдары жергиликтүү бизнесмендер имарат дубалдарын чыгармачылыкка бекер берип, бул аймактын жаңы көрүнүшүнө өбөлгө түзүп жатышыптыр. Бул  да искусствону элге жеткиликтүү кылуунун бир көрүнүшү да.

Мына ушул эки тажырыйба менини Нью-Йоркко болгон саякатымды өзгөчө кылды.  Ал эми Бушвик эки жылдан кийин дагы кайсы трэнддерди көрсөтөт болду экен? 

Автор: Жазгүл Исмаилова

Сүрөттөр: Жазгүл Исмаилова 

Мужской взгляд на совместные роды

Мужской взгляд на совместные роды

3 небанальных места в Брюсселе

3 небанальных места в Брюсселе