Байыркы келечек - Ладактан үйрөнгөн сабак

Байыркы келечек - Ладактан үйрөнгөн сабак

"1974-жылы биринчи жолу Ладактын байыркы маданияттуу элине саякаттап барганда, келечекке багытталган жол жалгыз эмес экенине ишендим. Ладак тилин изилдегени барып, Батыштыктардан таптакыр айырмаланган көз караштагы эл менен таанышканганга өзгөчө мүмкүнчүлүккө ээ болдум. Ладактын саясий-экономикалык түзүмү Жер менен адамзатынын өзгөчө мамилесине негизделгендигин байкадым. Менин өлкөмдөгү адамдардын чексиз атаандаштыгы, ач көздүгү, эгоисттиги, агрессияга карама каршы формадагы жашоо образын байкадым. Ладакты көрүп, биз дагы туруктуу шаар–айыл, аял-эркек, маданият-табигаттын ортосундагы балансты карай багытыбызды бурушубуз керек экендигин үйрөндүм.

Кашмирден Зожила ашуусун өтсөң башка планетага келгендей, чөл,  бийик көк асман, тоолуу аймактагы жашыл ооазис, күнгө бышкан кыштан курулган жөнөкөй үйлөр, ар үйдүн алдында кичине бакча өсүп турган. Ар үй-бүлөдө иштеткенге күчү жеткичелик келген айдоо жерде негизинен арпа өстүрүлөт. Ладактыктар Тибеттин Махаяна Буддизмине тиешелүү жана Далай Лама диний лидери деп эсептешет. Менин негизги максатым Ладак тилин изилдөө болчу, бирок күндөн күнгө Ладактыктардын өзгөчө көз карашы менен таанышып аттым.

Табигат менен таттуу мамиле

Ладакктыктар аккан сууга кирин жуубайт, себеби ылдыйкы айылдагылар ал сууну ичкенге колдонот. Күнүмдүк тирилик жай бараткат аткарылып, эс алуу менен иш кылууну ажыраткан чек жок. Талаадагы иш ыр менен шаң менен коштолуп, сегиз жашар да, сексен жашар да алына жараша, өзүнө ылайык темпте иш кылат. Кийим кече жүндөн токулган кездемеден тигилет, жана эркектер да аялдар да жүн ийрип, кийим тигүү ишин аткарышат. Малдын сүтү, эти, жүнү да колдонулуп, малканадагы калдыктардан тезек жасалып, эч нерсе ысырап болбойт да, керектен ашыкча жасалбайт.

Ладактыктар малды сойгондо “Мен жүк жүктөп, минип, мен үчүн союлган жандыктар Буддалыкка оңой жетсин” деп ырымдашат. Жалпысынан ладактыктардын жашоосунун бардык аспекти табигат менен байланышта экен.  “Туруктуу өнүгүү” же “экология” деген эмне экенин дал ушул Ладакка келип түшүндүм.

Кичинекей коомдогу мамилелер

Айыл бирдигинде топтолуп жашаган кооомдун  мүчөлөрү өзгөчө тынч жана жакын мамиледе болушат. Коңшу менен сый мамиледе болуу Ладактыктардын салты. Катуу урушуу, же мушташуу сейрек кездешет жана сурасаң, акыркы жолу качан урушканы эстей алышпайт. Эки айылдаштын арасында талаш чыкса,үчүнчүгө кайрылып, чечип берүүсүн суранышат. Бардыгы бирдей жер тилкесине  ээ жана сырттан келген анча-мынча азыктан тышкары ар үй-бүлө өзүн өзүн камсыздайт. Айыл башчысы бир жылда бир жолу шайланып, иш кылганына жараша кайра шайланышы же башка бирөөгө жетекчилик берилиши мүмкүн. Той-ашта же эгин жыйноодо паспун же чутсо деп атаган ашар формасында бири-бирине жардам берүү салты бар, ошондуктан ар ладактык өз айылдашына көмөктөшүүсү өз кызыкчылыгына жакшы.

"Бардык ооруу түшүнбөстүктөн келип чыгат” деп айткандай, булардын ишениминде оору адамдын кылган катачылыктарына, табигатка же адамга кылган зыянынан келип чыгат. Негизинен ладактыктардын жеген тамагы органик, күнүгө активдүү кыймылда жүрүшөт жана өздөрүнүн табигый шартынанда өскөн азыктар менен азыктанышат. Ооругандар өз айылындагы amchi – эмчилердин колуна тапшырылат. Эмчилер оорукчандын күнүмдүк жашоо адаттарын, кыймылдарын жакшы билет, жанан ошонун негизинде диагноз коюшат. Эмчилер байыркы Тибет медицинасынын негизинде табигый чөп-чарлар, эмдөө, сыйынуу менен дарылашат. 

Өзгөчө гендердик мамилелер

70-жылдарга чейин Ладакта көп аялдуулук эле эмес, көп күйөөлүү үй-бүлөлөр да болгон. Көп учурда аялдар бир тууган ага-иниге турмушка чыккан. Көп күйөөлүү үй-бүлөлөр Ладактагы калктын санын тез өсүүсүн алдын алуучу маанилүү фактор болгон. Калктын  санын бир калыпта сактоо табигаттын балансы, айлана-чөйрөнүн тазалыгы жана коомдуктагы бирдиктүүнү сактоого шарт түзгөн. Көп аялдуу үй-бүлөлөр да жок эмес, бирок көбүнчө балалуу болбогондуктан же башка себептери менен болгон.

Ладакта баланы чоңойтууда апасыда, атасы, көбүнчө чоң эне, чоң аталары да катышат. Апасы иш менен алек болгондо, баланын жанында каралашкандар бар болот. Аталар баласын эркелетип, же таптап уктатканы күнүмдүк көрүнүш. Ал эми балалуу болгусу келбеген аялдар Буркан курулга өзүн багыштап, диний окууну тандоого укугу бар. Кээде аялдар үй-бүлөлүү болгондон кийин да балдарын калтырып, диний таалимге кеткендер бар.  Ал эми кээ бир nun - аял Буркан бакшылар турмуш курууну тандап, же өзү жалгыз балалуу болуп, чоңойткондор да бар. Кыскасы Ладак коомунда аялдар турмушта жолун тандоо эркине ээ.

Аялдар бала чоңойтуу же коомдук жашоого катышууну ортосунда тандашынын кереги жок. Ладактын шартына аялдар үй-бүлө же коомдогу чечим чыгарууда орду чоң. Күнүмдүк жашоодо мал-кел, жер, эгин жөнүндөгү аялдардын билими абдан маанилүү. Батыштан айырмаланып, аялдардын эмгеги бааланат жана коомдогу орду сыйланат.

Ладактын коомунда жашап, ичинен тааныгандан кийин аялдар коомдогу ээлеген орду абдан жогору экендигин билдим". 

Элена Норберг-Ходждун “Байыркы келечек” аттуу китебинен үзүндү.

Текст: Жазгүл Сманова

Сүрөт: Элена Норберт-Ходж 

Ван кыргыз аялдарынын өтмөк ритуалдары

Ван кыргыз аялдарынын өтмөк ритуалдары