Au-pair аркылуу Германияга саякат

Au-pair аркылуу Германияга саякат

2006-жылдын август айында мен, жыйырма жаштагы студент кыз, Бишкектен Германияга аттанганмын. Ал кезде учак менен учууга каражатым жок болгондуктан, автобус менен барууну чечкенмин. Казакстан, Орусия, Беларус, Польша өлкөлөрүн аралап отуруп, жети күндөн соң Германиянын Ульм шаарына кирип келдим. Мени автобекеттен жашы кырктан ашып калган немис аял жана анын досу тосуп алышты да, Германиянын эң түштүгүндөгү Бодензее аттуу көлдүн жээгиндеги Фрикинген деген кичине шаарчага алып кетишти. Ошол күндөн тартып, туура бир жыл бою мен ал жерде Au-pair программасы боюнча ошол айымдын үйүндө жашап, анын эки кызын карадым. 

Au-pair программасы жаш кыздар үчүн Европа мамлекеттеринде бала багуучу болуп бир жыл иштеп келүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мен барган жылы au-pair катышуучуларынын айлык маянасы 250 еврону түзгөн. Андан тышкары, программада кабыл алуучу үй-бүлө немис тилинин курстарын төлөп берүүсү камтылгандыктан, жумасына үч жолу кечинде тил институтуна барып турчумун. 

Мен барган үй-бүлөдө эки кыздын улуусу он, ал эми кичүүсү жети жашар эле. Бул программанын шартына ылайык жумасына 30 саат иштеп, эки дем алыш күнгө акым бар болчу. Биздин келишимге ылайык мен дүйшөмбүдөн жумага чейин түшкү саат 12ден кечки саат алтыга чейин иштеп, калган убакытты өз каалаганымдай өткөрүүгө укугум бар эле.

Саат 12 ден баштап, кыздардын мектептен келүү маалына түшкү тамакты даярдап, алардын курсагын тойгузуп, ашкананы, залды жана кире беришти жыйнап, жуулган кийимдерди кир жуугучтан чыгарып жайып,  үтүктөп, ирээттеп койчумун. Андан соң, кыздарга үй тапшырмасын жасаганга жардам берип, алар менен оюн ойноп, кечинде апасы жумуштан келгенде мен өз бөлмөмө кетип калчумун.

SHEISNOMAD-GERMANY

Дем алыш күндөрү тил курстарында таанышкандар  же жакын жерде жашаган досторум менен поездге билет алып, Германиянын ар кайсы шаарын кыдырып кетип калчубуз.  Кээде акча тартыш болуп турганда, көлдүн жээгинде балмуздак жеп, дүкөн кыдырып, бири-бирибиздин жашаган жерлерибизге барып, чогуу кино көрчүбүз же жөн эле сүйлөшүп убакыт өткөрчүбүз.

Европанын ичинде саякаттоо - кымбат эмес жана, тааныштарың бар болсо, абдан ыңгайлуу нерсе. Маселен, биз бир аз акча топтоп, Ульм, Штуттгарт, Нюрнберг шаарларын кыдырып, Рождество майрамында Мюнхенге бардык, Жаңы Жылды болсо Бонндо тостук. Андан тышкары, ошол эле поездге отуруп алып, Франциянын Страсбург шаарына, Моцарт туулуп-өскөн Австриянын Зальцбургуна саякаттап келдик. Рюкзактарыбызга үйдөн жасап алган бутерброддорубузду, бөтөлкөлөргө суудан куюп алып, жөнөп кетчүбүз. Рождество демекчи, ошол майрамга карата менин немис үй-бүлөм мага лыжа тебүүнү үйрөнгөнгө бир айлык абонементти тартуулап, өздөрү менен кошо тоого алып барып жүрүштү. 

Европалыктар хайкиң деп, жөө тоо-токойду аралаганды абдан жакшы көрүшөт эмеспи. Аларга кошулуп, мен да далай кооз жерлерди көрүп жүрдүм. Кетериме эки ай калганда бир айлыгымды алып, Парижге 5 күндүк автобус тур сатып алдым. Кичине кезимден кыялданган Лувр музейин, Версалды, Нотр-Даммды жана башка көптөгөн кооз жерлерди көрүп келдим.

Албетте, бир жыл ичинде жумуштан стресс да болдум, апама телефон чалып, куса болуп нечен жолу ыйладым. Кээде кечинде бөлмөмдө отуруп алып, зериккенимден жиндиче бийлеп, телевизорду түнү бою тиктеп жатып, күндөлүгүмө сагыныч сезимдерди түшүрүп, кыйналган учурлар да башыман өттү. Мен караган кичине кыздар менен тил табыша албай, аларга сөзүм өтпөгөнунө ызаланып, мекениме зар болгон күндөр да болду. Бирок ошол жерге барып, бала багып иштеп келгениме бир да жолу өкүнгөн жокмун. Себеби, бир жыл ичинде мен немис тилин жакшы өздөштүрүп, кызыктуу адамдар менен таанышып, жер көрүп, өзүмдүн дуйнө таанымымды кеңейттим. 

Коңшу өлкөдөн дал ушул эле программа менен барган эки досум бар эле. Алар жыл бою акча топтойбуз деп эч жакка чыкпай, эч нерсе көрбөй, жаңы маданиятка, жашоого ачылбай, кайтып кетишти. Албетте, жумуш менен баргандан кийин, ар бир адам маянасын өз каалоосундай сарптайт эмеспи. Аларды көрүп, мен да акчаны коротпой, үйгө алып барайын деп ойлонуп жүргөндө мага эжем: "Акчаны үйдөн деле табасын, бул сенин жашооңдогу сейрек мүмкүнчүлүк, ушундан пайдаланып, саякатта, өзүңө кийим сатып ал, эч нерсенди аябай, кабатыр болбо. Кийин эстеп, өзүңө өзүң ыраазы болосуң. Европага чыгып алгандан кийин, колуңдан келишинче көңүл ачып кел!" - деп, кеңеш берди.

Менден туура бир жыл мурун эжем өзү Au-pair программасы аркылуу Германияда иштеп келген эле. Дал ошол эжем менин дагы ошол жакка баргым келип атканын угуп, мага Германиядан үй-бүлө таап, кетеримде немис тилинин негизгисин үйрөтүп, автобуска билет алып берип жөнөтүп жиберген. Мага кеңешин берип, колдоп, Германияга барууга көмөктөшкөн ушул күнгө чейин эжеме ыраазымын. Качан дагы ушундай шарт менен жаш кезимде каражат коротпостон, жалгыз жер кыдырып, чет тилин үйрөнүп, дуйнө таануу мүмкүнчүлүгү болмок эле? 

Au-pair программасына кызыккандар интернеттин же башка булактардын жардамы менен Бишкектеги ар кандай агенттиктерди таап алса болот. Мен эжемдин жардамы менен үй-бүлө тапкандыктан, болгону виза менен жол киреге гана төлөдүм. Негизинен, ар кандай агенттиктин кызматынын баасы ар башкача болот. Кээ бирлери болсо, программанын атын колдонуп, элдин ишенимине кирип, акчасын уурдап кеткен учурлар да болбой койбойт. Ошондуктан, этияттык менен интернеттен көбүрөөк маалымат топтоо менен бирге Au-pair аркылуу Европага барып келгендер менен кеңешүүнү сунуштайт элем. 

2007-жылдын август айында мен Кыргызстанга кайтып, окуумду уланттым. Мен бул аңгемем менен баса белгилеп кетким келген нерсе - саякаттоонун, тил үйрөөнүүнүн, жер көрүүнүн жана дүйнө таануунун миңдеген жолдору бар, акчаң жок болсо дагы.  Au-pair программасы сыяктуу жаш кыздар үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Олуттуу, бир калыптагы үй-бүлөлүк жашоого аттанаардын алдын өзүңдү таанып, өзүң үчүн жашап көрүү зарыл. Дүйнөдөгү жамандыктардан коркуп, эч жакка жылбай отура бергендин ордуна ой-жүгүртүүнү кеңейтүүгө умтулган адамдын максаттаганы сөзсүз орундалат. Өзүңө ишенип, шанс берип, өсүп-өркүндөөгө умтулууну тандагандар түшүнө уч уктаса да кирбей турган жерге чейин кетип кала аларына ишенемин. 

Автор: Алия Суранова

 

Про Шотландию, мотивацию и 150 километров

Про Шотландию, мотивацию и 150 километров

Колесо жизненного баланса

Колесо жизненного баланса