Өлкөдөгү жалгыз китеп дүкөнүн негиздеген Анаркан Садыкулова

Өлкөдөгү жалгыз китеп дүкөнүн негиздеген Анаркан Садыкулова

Бул жылы мен 70ке, дүкөнүм - 20га чыгат. “Нуска” - азыркы учурда Кыргызстандагы жалгыз кыргыз китеп дүкөнү. 

Мен колхозчунун 8 балалуу үй-бүлөсүндө чоңойгонмун. Атам согуштан кайтып келип, үй-бүлө куруп, мен төрөлгөндө убакта заман аябай оор эле. Балалыгым кыйынчылык заманга туш келди. Биринчи класста мектепке барып келе жатып, ачкалыктан өзөрүп, эсимди жоготуп койгон учурлар эсимде. Мени качан чарчап калат деп күнүгө аңдып турушчу экен.

Мектепти бүткөн жылы жайында атам каза болуп, апам биз менен жалгыз калып, ага жардам берем деп, жогорку окууга тапшыруу экзамендерди өткөрүп да жибердим. Колхоздун кызылча эгин ишинде апамдын ордуна иштеп баштадым. Союз мезгилинде мектептен кийин окууга өтпөгөндөр, эмне иш кылганын тастыкташы милдеттү эле. Ошондуктан, Фрунзеге келип бут-кийим фабрикага ишке кирдим.

anara-sadykulova-sheisnomad

Фрунзеге келгениме көп болбой, мени куйөгө алып качып кеттишти. 17 жашта элем, аны эки-үч жолу гана коруп, сыртынан гана таанычым. Ал дагы айылдан келип алып, жогорку окууга өтпөй, шаарда жүргөн экен. 7-8 киши топтолуп, мени эле эмес жанымдагы курбу кызымды кошо Чункурчактагы тоонун арасындагы айылга алып кетишти. Үйлөнөр замат, ал аскерге үч жылга кетип, мен тоо арасындагы айылда кайната-кайненем менен жашап калдым.

Жети жылдан кийин кайнатам менен кайненем бизди Бишкекке барып, билим алгыла деп жөнөтүшөт. Тоодо же телевизор жок, же адабий китепсиз жашаганым мага аябай таасирин бергенин кийин шаарга келгенде билдим. Фрунзеге биринчи келгенде, аңкоодой, кыймылым да олдоксон, деги эле өзүмдү жапайы сездим. Азыр китеп окубай бараткан адамдар, накта ошондогу менин абалымдагыдай, аң-сезими тарып калгандай сезилет.

Жашоодо көп сынактардан өттүм, бирок ортончу балам чарчап калганы, анын артынан күйөөм бирөөгө жолугуп, эки уулуна да карабай кетип каларына даяр болбоптурмун. Катуу стресстин айынан ооруп да калдым.

Биринчи жолдошум 15 жыл жашап, мени алдап кеткенине намыстанчуумун. Менин тааныштарым ал башка аял менен жашап жүргөнүн билип, мени аяп айтчы эмес экен. Кээде түндөрү ыйлап, ызааланып чыкчу элем. Бирок күндүз кыйналганымды эч кимге көрсөтпөй кадимкидей жүрө берчүмүн. 

Эки уулум менен жалгыз калып, турмуштун түйшүгүн аябай тарттым: түштө китеп дүкөндө сатуучу болуп иштеп, түндө балдар бакчасынан полун жуучум. Бирок канчалык кыйналбасам дагы, эч кимге көз каранды болбодум, өз бутума туруп кеттим. Бир гана апам мени аяп, жаңы ажырашканда бир букасын сатып, кийим-кече бут-кийимдерди алып берди.

 Кайненем жана балдарым

Абалымдын оордугуна карабай, кеч да болсо билим аламын деп, 35 жашымда жогорку окууга тапшырдым. Окуу адистигиме библиографияны тандадым, себеби мен китепке аябай жакын элем жана китеп дүкөндө иштегендиктен китептин дүйнөсүндө элем. Темселеп жүрүп, жашым өтсө да окуймун деп, акыры 40 жашымда окуумду бүттүм.

Сүйүүгө бирөө эрте жолугат, бирөө кеч жолугат, кээ-бири таптакыр сүйүүгө жолукпай өтүп кетет экен. 40 жашымда Байчечекей журналынын редактору менен таанышып калдым. Ал учурда балдарым да чоңоюп, неберелүү да болуп калдым эле. Экөөбүз тең китепке жакын адамбыз, тил табышып калып, беш жыл ичи сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Азыр жолдошум экөөбүз бирге жашаганыбызга 30 жыл болду.

anarkan-sadykulova-sheisnomad

Союз убагында госкомиздат жана төрт редакция ошондой эле китеп базасы бар болчу. Китеп жазууга жана басып чыгарууга болгон система мамлекет тарабынан уюштурулчу. Союз боюнча эл аралык ярмаркаларга, республикалар арасында китеп боюнча алмашуу көргөзмөлөр уюштурулчу. Ошол учурда, мен китеп базасында башкы адис болуп жана кыргызча басылып чыккан бардык китептерди жетектеп иштечүмүн. Менин жумушум китепке болгон суроону аныктоо, кайсы китеп канча тираж менен чыгыш керегин изилдөө эле. Азыркы “Нуска” китеп дүкөнүнүн аты ошол илгерки кыргызча китеп сатылган дүкөндүн атынан коюлган. Сөздүн кыскасы, китеп үчүн бардык шарт бар эле.

Кыргызстан эгемендүү республика болуп, биринчи реформалар жүрүп, госкомиздат жана башка китеп басма тарабында жалпы менчиктештирүү башталды. Биринчи президенттин саясаты кыргыз адабиятына чоң доо кетирди деп эсептеймин. Ошол учурда Бишкектин өзүндө эле 25 китеп дүкөн бар эле. Бардык дүкөндөр жоюлуп, имараттары сатылып кетти. Алдыда айткан китеп базасы, мисалы, бүгүн авто тетик дүкөнү жана май куюу станция болуп турат.

Менчиктештирүү башталганда мен китепти жойбош керек деп мамлекеттик мекемелерге кайрылып чуркап жүрдүм. Бийликке каршы чыкканым үчүн менин жумуштан алып салышты. Китеп менен байланышкан мекемелер толугу менен жоюлуп, активдери ошол учурдагы бийликтегилер бөлүп алышты.

Ооба, нараазы болдум, бирок өкмөт деген үй-бүлөң эмес экен, же таарына албасаң же каршы чыга албайсың, айла жок күрөш экен.

IMG_2018-06-06 14:47:23.jpg

Базадагы кызматыман кеткенден кийин “Энциклопедия” деген редакцияга жумушка орноштум. 1996-жылы ар мекемеге кайрылып, эптеп, бир кыргызча китеп дүкөн ачайын деп чечтим. Эки жыл ичи бизнес план жазып, тантырап жүрүп, акыры 1998-жылы уруксат алып, азыркы Нуска китеп дүкөнүн ачтым. Дүкөндүн ачылышына баары каршы чыгышты. Жолдун жээгинде жайгашпагандыктан эч ким келбейт жана соода болбойт дешти. Ага карабай, китеп дүкөн ачылды.

Кыргыз тилдүү китеп дүкөн болсобо, кыргызча жазган авторлор китебин кайсыл жака алып барат? Азыркыга чейин жазуучулар китебин баштыкка салып көтөрүп жүрүп, дос-тааныш суранып же болбосо аким-губернаторлого кайылып жүрүп сатышат. Бишкектеги ири китеп дүкөндөрдө булардын китебин кабыл албайт, себеби кыргызча китеп өзүн өзү акташы кыйын. Андан тышкары, китеп дүкөндөр ишмердик үчүн төлөгөн патент алып келип көрсөт деп талап кылат. Өтпөгөн китебине жазуучу кантип патент алат? Жазуучулар ансыз да өз чөнтөгүнөн төлөп жүрүп, басып чыгарышса.

anarkan-sadykulova-sheisnomad

Бизде кыргыз тилдүү окурман жок, ошондуктан китеп өзүн өзү актабайт. Бүгүн бизде көбү орусча китеп окуйт. Анан мага окшогон китепти жакшы көргөндөр же жаштар арасында анча-мынча кыргызча окуймун деп чечилип окугандар бар. Мен кыргызча жазган жазуучуларды колдоо үчүн патент сурабаймын. Китепти бир гана коммерциялык товар катары кабыл албашыбыз керек.

Азыркы кыргыздар кыргызчаны, орусчаны жана башка дүйнөнүн тилдерин билсе жарашат. Чет тилди билүү менен эне тилди билүү бири-бирин чектебейт. Бирок жогорудагы аткаминерлерчи? Эмнеге кыргыз тилдүү адабиятка ушунчалык каймана мамиле жасалат? Кыргыз тилдүү китепке суроо болуш үчүн шартын түзүш керек.

Мисалы, мамлекеттик тил коммиссиясына канча акча бөлүнөт, кана тилдин өнүккөнү? Иш кагаздарын толугу менен кыргызчага өткөрөбүз, элди кыргызча сүйлөтүшүбүз керек дегендин баары куру сөз. Эч ким кыргызча окубаса, анын баарынан эмне пайда? 

anara.sadykulova/sheisnomad.com

Азыр Нуска дүкөнү арендадан бошотулган, бирок комтейлөөнүн баарын төлөймүн. Эгер дүкөндө соода жакшы жүрсө, жаштарды ишке алып, китепти сатууну үйрөтсөм деп эңсеймин. Китеп – бул нан эмес, же арак эмес - буну сатыш оңой эмес. Сатылуучу китептерди окуш керек, аннотациясын билиш керек. Бирок шартка жараша азыр 5000 сом гана эле айлык бере аламын, бул айлыкка ким келип иштейт? Азыркы дүкөндө иштеген сатуучуларга бош убакта башка жерде да иштегенге уруксат берем.

Менин жан дүйнөм китеп менен байыган. Китептин аркасы менен мен акылдуу болдум, ар түрдүү адамдар менен жолдош болдум, көп нерсени үйрөндүм, жазуучулар менен табакташ болдум.

Мен бактылуумун, себеби алты саным аман, ойлогон оюма эч ким жок дебейт, каалаган сөздү сүйлөймүн, каалаган жериме басамын, эркинмин. Өзүңдү өзүң эркин алып жүргөнүң, өзүңдү өзүң сыйлаганың бул бактылуу болгонуң. Бирөөгө баш ийип, өз оюңду айталбай, өз жегениңди жей албай жүргөн эң жаман. Мен балдарымды арасында, келиндеримди арасында, жолдошумдун жанында да эркинмин.

Мурдагы күйөөмдү жоготтум деп кайгырбаймын, менин баркымды билбеген адамды жоготтум деп эч качан айта албаймын. Өзү мени зордоп алып качып, андан кийин мен аскерден күтүп, үч балалуу болуп бирге курган үй-бүлөөнү коюп жеңил ойлуулук менен кеткен адамды жоготтум дебеймин.

Азыр жолдошум экөөбүз тең китеп менен жашайбыз, жазуучулар жөнүндө кызуу талкууларды жүргүзөбүз. Кыжалат болот деп балаңа айтпаганды, шылдыңдайт деп досуңа айтпаганды айткан жолдошуң – эң жакының экен.

Сүйлөшүп жана кеңешип үй-бүлө курган жаштарды колдоймун. Жаштарга айтарым, бактылуу болуу кыз-жигиттин экөөнө гана таандык. Эки адам бири-бирине бекем болсо, айлана чөйрөсүндөгү эч ким алардын бактылуу болбошуна таасир эте албайт.  Экөө бекем жана бири-бирине ишенимдүү болсо, анда баарын жеңет.

anarkan-sadykulova-nuska-sheisnomad
Анель Нойбауер

Анель Нойбауер

МНЕ БОЛЬНО

МНЕ БОЛЬНО