«Эже сиңдилерди» алып барган Алия

«Эже сиңдилерди» алып барган Алия

Алия Суранова, 32

«Эже-сиңдилер» - аялдардын башын бириктерген талкуу аянты. Программанын идеясы Эркайым Жуматаева деген айымга тиешелүү. Программа эже-сиңдилер же курбулар чай ичип, аялдар менен байланышкан темада эркин маек курган сыяктуу форматта куралган.

Башында «Эже-сиңдилер» Азаттык радиосунда берилип, андан кийин туруктуу аудитория калыптана баштаганда видеосун тарта баштадык. Берүүнүн видеосу Азаттыктын сайтында жана Youtube каналында жарыяланууда.

Эки айдан бери НТС каналында берүү чыга баштадык, бул «Эже-сиңдилердин» аудиториясын кеңейтүүгө болгон чоң кадам болду. Бара бара берүүнүн аудиториясы чет жерден жашаган кыргызстандыктар арасында кеңейип атканы да белгилүү.  

Бул берүүнүн башкы максаты ар түрдүү тармактагы ийгиликтүү жана таасирлүү аялдарды бир жерде топтоп, жалпы аялдарды бириктирген тилектештик маданиятын курууга салым кошуу. «Эже-сиңдилер» бул - жалпыга үлгү боло турган аялдардын үнүн өлкөнүн алыскы региондордун жашоолураны чейин жеткирүүчү талкуу аянты.

Видео: Аялдардын карьерага жолун бууган кандай тоскоолдуктар бар? Эмнеге кыргыз аялдары өзүн өстүрүүгө умтулбайт? Саясатта жүргөн аялдар эмнеге бири-бирин колдобойт?

«Эже-сиңдилерде» талкууланган темалар өзүмө жакын. Мен буга чейин журналистикада, билим берүү тармагында жана ошондой эле коомдук кызматта иштеп келгенмин. Ар тараптуу тажрыйба аркылуу коомдук, социалдык жана саясий тема боюнча иштеп келгенмин. Ал эми «Эже-сиңдилерде» өзүмдүн айланамдагы көйгөлүү маселерди көтөрүп чыккандыктан аял катары өзүмө жакын болгондугу менен өзгөчөлөнөт.

Биринчи жолу теледе алып барууну баштадым бул программа менен. Чындыгында жалаң текст менен иштөөгө көнгөндүктөн, башында өзүмдү өзүм теленин жүзү катары кабыл алуум оңой эмес болду. Буга чейин экран түгүл, радиодо түз эфирде сүйлөгөндөн тартынчумун. Экинчиден, башында кыргыз тилинде так жана даана алып баруу колумдан келеринен шектенчүмүн.

Проект аркылуу кесипти жаңыдан үйрөнүп жатамын. Өз каталарымды өзүм оңдоп, жанымдагы тажрыйбалуу кесиптештеримдин кеңеши жана «Эже-сиңдилерде» продюсери Сабыр Абдумомуновдун жардамы менен мындан ары да өнүгүүнүн аракетиндемин.

Аялдар үчүн позитивдүү жана алдыга сүргөн, демин ойгото турган кыргыз тилдүү контент аз. Ошондой контентти жаратып жана үлгүлүүлөрдүн үнүн алыскы региондорго чейин жеткирүү менин тапшырмам деп эсептеймин. 

«Эже-сиңдилерди» даярдоодо кыргыз тилдүү конокторду табуу абдан кыйын. Кыргызстандагы ийгиликтүү аялдар көп, бирок алар кыргыз тилинде маек алып бара албаймын деп, чакырууга ынабаган учурлар көп.

Жалпы өлкөдөгү эже-сиңдилерге үлгү боло турган айымдардын арасында кыргыз тилдүүлөр мындан ары көбөйсө, же болбосо, ар тармакта ийгиликке жетишкен аялдар кыргызчаны үйрөнсө деген тилегим бар. 

«Эже-сиңдилердин» конокторун тобубуз менен издейбиз. Кесиптештердин сунуштарын караштырып, соцтармактар аркылуу, кээде кокустан угуп, билип калган айымдарды программага чакырган учурлар болот.

Бир жолку «Эже-сиңдилер» берүүсүндө кол чеберчилик менен бизнес кылган эже өз тажрыйбасы жөнүндө бөлүшүп, үйдө туруп, өз таланты менен акча табуу жолун айтып берген. Жөнөкөй аялдарга, айрыкча үйкожойкелерге оң таасирин тийгизе ала турган ушул сыяктуу катышуучулар мен үчүн эң маанилүү.

«Эже-сиңдилердин» темалары, мен өз тегерегимдеги окуялардан эле келип чыгат. Ошондой эле мамочки.кг, келинки.кг сыяктуу Инстаграмдагы пабликтерде (жамааттык аккаунттар) кызуу талкууланган темаларды алып чыгабыз. Чындыгында кээде күлкүнү да, ачууну да келтирген, бул пабликтер бүгүнкү биздеги аялдардын акыбалынын чыныгы көрсөткүчү деп ойлоймун.

Темаларды тандоодо, оор жана жеңил теманы теңдеп ала барганга аракет кыламын. Жаңылыктардан аялдарга каршы оор кылмыштар же зомбулуктар жөнүндө маалымат толтура. Ошондуктан, балансты сактап, бир жума зомбулук темасы болсо, андан кийин, үй-тиричилик иши темасын алам.

Кээ бир темаларда ачык талкуу жүргүзүү оңой эмес. Маектин катышуучулары дагы ачык-айкын өз оюн айткандан тартынган учурлар көп. Аялдарды социалдык жакындашууга мажбурлоо (же «харассмент») темасы боюнча катышуучуларды издөө салып соцтармакта жарыялап, дүйнөдөгү #metoo кыймылынын фонунда бизде аялдар башынан өткөнүн ачык айтса деп үмүт эткенмин. Заматта көптөгөн аялдар окууда, жумушта жана жалпы эле коомдук жашоодогу эркектердин тийишкенин, жакындашууга мажбурлаганын башынан өткөргөнүн кат аркылуу айтып берип, бул тема абдан бизде орчундуу экенин далилдешти. Көптөгөн аноним кыз-келиндер, эркектердин тийишкенинен баш тарткан учурда, жумушунан ажыраганын же карьерасынын талкаланганын окуяларын менин менен бөлүштү.

Бирок алардын дээрлик баары программага катышып, ачык бул жөнүндө сүйлөгөндөн баш тартты. Бирок мен алардын жакшы түшүнөм, себеби биздин коом мындай меселени ачык талкуулого жана калыс баа берүүгө даяр эмес. Биз соцтармактарда көрүп аткандай, окурмандар, жада калса, зордукталган кыз-келиндердин дээрлик бардык учурда кайра өздөрүн күнөөлөйт эмеспи. Жакында эле болгон Ноокаттагы жаш кыздын окуясын көрүп, көпкө өзүмө келе албадым. 

Эже-сиңдилерге интернетте ар түрдүү ой-пикирлер келип түшөт, бирок кандай гана негативдүү болбосун комментарийлер өчүрүлбөйт. Анткени, бул көрүүчүлөрдүн кабыл алуусунун көрсөткүчү. Айрыкча эркек көрүүчүлөрдөн «Эже-сиңдилерге» негативдүү комментарий көп келет. Ошол эле мезгилде, аял көрүүчүлөрдөн көп колдоо жана ыраазычылык билдирген комментарийлер келгени мени сүйүндүрбөй койбойт.

Албетте, комментарийдеги туура сунуштарды угуп, программага чагылдырганга аракет кыламын. Мисалы, эркектердин пикирин да уккубуз келет деген комментарийлерди көрүп, эми программага да эркек катышуучуларды да чакыра баштадык. Канткенде да, бизде эркектин сөзүнө көбүрөөк кулак салышат экен, ошондуктан эркек катышуучун бар болгону аялдардын маселесине жалпы көңүл бөлгөнгө салымын кошот деп ойлоймун.

«Алып баруучу аябай каткырып күлөт экен» деген комментарийлер абдан көп. Баарынан көп кезиккен комментарийлердин бири албетте мен жөнүндө. Мени катуу «ыржаңдап» күлөт дешчи, бирок бара-бара көрүүчүлөр менин каткырганыма да көндү окшойт.

Тескерисинче аялдардын эркиндигине каршы пикирин айткандар да көп. «Эже-сиңдилерге» келген катышуучулар аялдардын эркин тандоосун талкуулонун ордуна, кайра сексисттик көз караш менен бөлүшкөн учурлар көп.

Кээде ичимде катуу каршылык болот, бирок алып баруучу катары, жеке каршы оюмду айтпай, ар түрдүү пикирдин айтылуусуна шарт түзгөнгө аракет кыламын. Кээде катышуучулар берүүнүн темасынан алыстап, биздин элдин тарыхына же болбосо салт жөнүндө сүйлөп кеткен учурлар көп. Туура нукка салып, этияттап катышуучун сөзүн бөлүүнү үйрөнүү үчүн профессионализмди дагы да өнүктөрүү менден талап кылынат.

«Эже-сиңдилердин» талкуусу жандуу, тамаша менен кызыктуу уюштурулса деп элестетемин. Бирок тилекке каршы, чындыкта менин конокторум көп учурда аябай оор басырыктуу болуп, маегибиз өтө орчундуу талкууга айланып кетет.

Дагы бир биздин элдин өзгөчөлүгү - жашы улуу адамга каршы ойду таптакыр ачык айта албайбыз. Жашы улуунун сөзүнө суроосуз түрдө туура деп, макул болуу маданияты, жана анын негизинде жаштардын оюн көзгө илбөө  көрүнүшүн эйджизм деп атап коюшат. Бул жерде жашы улууга орой сүйлөө эмес, сылык түрдө каршы пикирди айтып, теңдик шарттагы талкуу жүргүзүүнү айтып атканым. «Эже-сиңдилерде» жашы улуурак катышуучу «бизде баары жакшы» деп койсо, баары «ооба, эже» деп жооп берип, талкуу андан ары уланбай калат. Жеке мен бизде ачык айкын сүйлөп, эркин пикир алмашуу болсо деп кыялданамын.

«Эже-сиңдилерде» алдыда талкуулай турган тема көп жана жумушубузда көп, ошого ылайык биз үчүн бул чоң жоопкерчилик. Биздин берүүнү көрүп, талкууда айтылган нерселерди угуп, жок дегенде бир кайнене келинин кыйнаганын токтотсо, бир эркек аялынын амбициясын колдосо, же бир өспүрүм кыз өз кызыкчылыгын коргоону үйрөнсө – анда аракетибиз текке кетпеди. 

Мен өзүм жөнүндө берүүнүн алып баруучусу гана катары карабаймын, анткени проекттин артында көптөгөн адамдар турат жана бул берүү алардын биргелешкен эмгегигин жыйынтыгы. «Эже-сиңдилер» проектинин жамаатынын иши менен абдан сыймыктанамын жана океандай болгон биздеги көйгөй маселерге бир тамчыдай болсо да чечүү жолу боло алат деп ишенем. 

Кыздарга айтарым: «Өзүңөрдөн уялбагыла, сырткы келбетиңер, ой-пикиреңер жана күлкүңөрдөн тартынбагыла, коом силерди капаста кармаганга жол бербегиле, баарыбыз эркиндигибиздин заманы келди!»

Полярная экспедиция Айнуры Сагын

Полярная экспедиция Айнуры Сагын

Девушка, которая пишет

Девушка, которая пишет