Ырыс, 70 жаш

Ырыс, 70 жаш

ahunbaeva.yrys-sheisnomad

Кыргыз тил жана адабиятыны мугалими элем, азыр өзүмдү “чоң тамгадан эне” деп эсептеймин: 2 балам, 10 неберем, 1 чеберем бар. Бирок "мен сени өстрдум, эми сен мени бак" дегеним жок. Тескерисинче, малина сатып, балдарыма жардам беремин. Ар кимдин шарты ар кандай болот экен да, кыйналып калганда, эне болуп туруп колдобосом, аларды ким колдойт?

Баары эле мендей болсун деп ойлонгон да туура эмес, ар кандайбыз. Азыр да убакыт кыйын, жаштарга жумуш тапкан да оңой эмес, ойлономун, айаймын — алдап кетпесе балдарымды, неберелеримди, чеберемди.

Жашоом жакшы өттү: өзү коомдун кишисимин, элдин баарын уюштурчу элем, ар нерсе кылып, кылбаганда — кыйкырып ырдап жыргап жашадым. Ыр жазып гезиттерге жиберчи элем илгери. Азыр деле жакшы: үйүм бар, тамагым бар, жумушум бар, ичимдик ичпейм, тамеки тартпайм.

Ар бир адамга маани беремин: сөзүнө дагы, өзүнө дагы. Ар бир адам ар башкача кызык.

Айсымбат

Айсымбат

19 октября

19 октября